Сот процессинин катышуучуларынын келуусун камсыз кылуу менен ички иштер органдары алектенери боюнча Жазык-процесстик кодекске тузотуу сунушталууда

добавлен 26 марта 2014 15:00
просмотров 848

 

 

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Бул мыйзам долбоору менен ага ылайык сот процессинин катышуучуларынын келүүсүн камсыз кылуунун үстүндө судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча ички иштер органдары иштей турган КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Соттордо жазык иштерин создугуусун болтурбоону жана өз убагында кароону камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Талкууда депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Курмантай Абдиев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырып, мындай зарылдыкты адвокаттар дагы белгилеп жаткандыгын белгилешти.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жолдонду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы