Тортунчу жолку сот отурумунда соттук коллегиянын курамына баш тартуу жарыяланды...

добавлен 18 марта 2014 16:10
просмотров 866

 

 

2014-жылдын 18-мартында саат 11-00 Чуй облусутук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө аппеляциялык даттануу боюнча иш уланды. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р. Сот отуруму 30 мүнөткө кечиктирилип башталды.

Соттук коллегия сот отурумун улантууну жарыялап, сот отурумунун секретары алмашкандыгына байланыштуу соттук коллегиянын курамын айтып, катышуучулардан кошумча доо арызын сурады. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү соттук коллегиянын курамына баш тартууну жарыялады. Баш тартуунун себеби соттук коллегия бир тараптуу эле ишти карап жатат деп түшүндүрдү. Соттолуучу тарап бул баш тартууга каршы көрсөтүштү. Соттук коллегия тараптардын оюн угуп чечим чыгарууга кеңеш бөлмөсүнө кетти. Кеңеш бөлмөдөн келип чыгарылган аныктаманы  угузду. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү келтирилген соттук коллегиянын курамына баш тартууну канааттандыруусуз калтырып, аныктамага он күндүн ичинде доо арыз менен кайрыла алышат деп түшүндүрүп, бул ишти 2014-жылдын 1 апрелине саат 9-00 калтырды.  Кийинки сот отурумуна биздин сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештен байкоочулар катышат.