Кайсы убакытка чейин сот отуруму калтырыла берилет???

добавлен 04 марта 2014 16:17
просмотров 1187

 

 

2014-жылдын 4-мартында саат 11-00 Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө аппеляциялык даттануу боюнча иш эки жолу калтырылган. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р.

Сот отуруму 20 мүнөткө кечигип башталды. Сотко күбөлөр катары, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана участкалык милиция келишип көрсөтмө беришти. Андан соң соттук коллегия соттолуучулар А.Б.Жумашевди жана Ш.А. Аманбаеваны суралышты. Айтып кетчү маселе, соттолуучу Ш.А. Аманбаева сотко конвойлор тарабынан жетеленип алынып келинди, себеби ден-соолугунун оордугуна байланыштуу ал өзү баса албай калган. Ошондой эле сурак учурунда ордунан араң туруп суроолорго жооп берип жатты. Ш.А. Аманбаеванын берген көрсөтмөсүндө, кылмыш болгондон кийин тогуз айдан соң, аны тергөөчүлөр кыйнашып мойнуна алдырышкан. Аманбаеванын сөзүнөн, кабинетке киргизип бетине уруп, чачынан сүйрөп, башына пакет кийгизишип кыйнаганда эки-үч жолу ээсин жоготуп койгондугун билдирди. Эгер мойнуңа албасаң үйүңө бир нерсе таштап, апаңды он жылга каматып жиберебиз деп коркутушканда, алардын айтуусу боюнча бардыгын мойнуна алам деп жазып берген, ошол убакта жанында апасы да, адвокаты да болгон эмес. Ушундай мыкаачылык менен жашы жете элек кызды кыйнаганга кандай адамдардын колу барды экен??? Саат 12-30 түш болуп калгандыгына байланыштуу соттук коллегия сот отурумун кайрадан 2014-жылдын 18-мартына, саат 11-00 калтырды. Кийинки сот отурумуна биздин сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештен байкоочулар катышат.