Электр трансформаторуна кокусунан токко урунган 11-жаштагы кыз боюнча сот иши

добавлен 26 февраля 2014 20:29
просмотров 1100

 

 

17 февраль 2014 ж. Нарын шаардык сотунда Дуйшонбиев Муратбектин доо арызы каралды. Себеби бул адамдын жеени 11-жаштагы Дуйшомбиева Айгерим  2013 ж. 23- апрелинде Ат-башы айылынан мектепке жакын  жердеги электр трансформаторуна  кокусунан токо урунган. Окуянын жыйынтыгында Айгеримдин денесинин 50% көбү куйуп моюну ийинине жабышып калган андан бери Айгеримге 8-операция жасалды алдыда дагы 9-операция  чет өлкөдө жасалыш керек экен. Айгеримдин ата-энеси жок болгондуктан опекун катары анын таякеси  Дуйшонбиев М. сот иштерине доогер катары катышып жатат. Доогер доону күнөөлү тарап катары табылган, Нарын «Чыгыш Электро» Ишканасына койгон суммасы 5 378 000 сом.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп КЖКтин 142 беренеси боюнча Нарын Чыгыш Электро ишканасынын эки жумушчусу жоопко тартылып , эки тараптын тынч келишимге келүүсү менен иш кыскартылып  кеткен. Сот процессин караган Ж Эрматов бул иш боюнча ишти карап доогер тарапка доонун 5 064 000 сомду Нарын «Чыгыш Электро «ишканасынан өндүрүү боюнча чечим кабыл алды.