Чуй облустук сотунда Токмок шаарындагы кылмыш иши боюнча процесс башталды.

добавлен 11 февраля 2014 15:48
просмотров 1115

 

 

Биздин мурунку баяндаган статьябызга кошумча (бул жерде) 2014-жылдын 11-февралында Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын  ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө аппеляциялык даттануу боюнча иш каралды.  Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р.

Сот отурумунда бардык процессуалдык ченемдер сакталды. Ишти карап жатканда, жабырлануучу тарап бул ишке тиешелүү күбөлөр сот отурумуна катышуусу зарыл деп, эки тараптын макулдашуусу менен соттук коллегия бул ишти 2014-жылдын 25-февралына саат 10-00 калтырды. Кийинки сот отуруму айтылган күбөлөөрдүн катышуусу менен уланмакчы жана биздин сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештен байкоочулар катышат.

Сот отурумунда байкоочу соттолуучулардын ден-соолугу оор экенин байкаган.