Уч жылдан кийин соттолуучулар акталышты...

добавлен 10 февраля 2014 16:22
просмотров 1640

 

 

Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңешке Аманбаева Ж. кылмыш иш боюнча кайрылган. Себеби, Ж.Аманбаеванын кызы Ш.Аманбаева үч жылдан бери СИЗО №1 камакта отурган. (10.12.2010ж.-12.12.2013ж.)

2010-жылдын 6-апрель куну саат 03:30 чамасында Токмок шаарынын 1-кичи районундагы №17 уйдун №50 батиринде жашаган Р.Жумабаева белгисиз себептер менен каза болгон. Бул кылмышка шектүү деп Жумашев А.Б., Аманбаева Ш.А., Аскеев У.А. Кыргыз Республикасынын КЖК 97-беренсинин 2 б., 3, 6, 10, 15 пунктары менен айыпталып 2010-жылдын 11-декабрынан тартып камакта отурушкан.

Ушул кылмыш иши Токмок шаардык соту тарабынан каралып жаткан учурда үч жолу мүчүлүштүктөрдү жою үчүн Токмок шаарынын прокуроруна жөнөтүлгөн.

2013-жылдын 12-декабрында бул иш боюнча Токмок шаардык ачык сот отрумунда каралып, иш боюнча чогулган материалдарга жана далилдерге, күбөлөөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнө юридикалык баа берип, соттолуучулар  У.Аскеев,  А.Жумашев, Ш.Аманбаеванын  жоосундарында кылмыш аракети барбы же жокпу деген жыйынтыкка келүү зарыл деп көрсөткөндүгүн эске алып, сот иштин ичиндеги материалдырды толугу менен карап жана изилдеп чыгып, соттолуучуларга тергөө органдары тарабынан угузулган айыптары соттук териштирүүдө толугу менен далилденген жок деп- соттолуучулар акталсын, ошону менен бирге, баш коргоо чаралары өзгөртүлбөстөн калтырылсын, ал эми өкүм күчүнө кирген замат дароо алынып салынсын деп өкүм чыгарган. (өкүм бул жерде)

Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясына маркумдун атасы Жумабаев С. жана Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан аппелляциялык сунуш кылынып, 2014-жылдын 11-февралында ачык  сот отурумунда бул иш каралмакчы.

Бул процесске сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештен байкоочу катары катышып, жыйынтыгын кийинки статьябызда улантабыз.