Кыргызстандын соттору адамдын мулкун баскынчылык кылып тартып алгандардын кызыкчылыгын коргошобу?

добавлен 25 января 2014 14:56
просмотров 879

 

 

Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңешке Эрменбаева Ж. жарандык иш боюнча кайрылган.

Эрменбаеванын мынчалык жаны ачып, Кыргыз Республикасынын сот системасынын сабатсыздыгы, адам укугун коргобой эле кордоп жан кейиткени жөнүндө, сот системасынын алсыздыгы тууралуу белгилемекпиз.

Чырдын башы 2005-жылдын 20-июлундагы Талас шаардык соту ачык сот отурумунда Султанкулова Турдайымдын юридикалык мааниси бар фактыны аныктоо жөнүндөгү арызын караган. Т. Султанкулованын доо арызында  Талас облустук мүлк фондусуна 1996-жылдын 16-майында сатып-алуу келишим боюнча Талас шаарындагы Манас көчөсү 102де жайгашкан «Манас» универмагын 121349 сомго сатып алган чырды чечүү эле.

Бирок универмагка менчик укугун аныктоочу  күбөлүгүн өз учурунда албай калган. Кийин Талас ОФГИге кайрылганда, каттодон баш тартышкан, себеби Султанкулова акчасын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияларын сактабай калган. Бирок ал 9 жылдан бери универмагка ээлик кылып, пайдаланып, иштетип келе жаткандыктан жана ээлик кылганга толук далилдер болгондуктан доо арыз канааттандырылып, сатып-алуу келишими түзүлгөнү аныкталган чечим чыгарылган.  (чечим бул жерде)

Ушул эле жарандык иш боюнча 2012-жылдын 8-ноябрында Талас шаардык сотуна Талас облусунун мурдагы төрагасы, качкын президент Акаевдин бир тууган бажасы  А.К.Саркишевдин өкүлү Саркишев К.Д. ишке катышуучулугу жоктугуна карабай  ортодон чыга калып, менчиктик укугу бардай соттун чечимине карата кассациялык тартипте  даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз келтирген.  

Саркишев А.К. даттануу мөөнөтүн өткөрүп жибергенинин себеби, 2005-жылкы революциядан кийин Акаевдин бажасы катары  куугунтукка алынып чет өлкөгө качып кеткенин, даттануу мөөнөтүн ошондуктан өткөргөнүн көрсөткөн. Ал чет өлкөдө жүргөндө «Манас» универмагынын директорунун милдетин аткарган Султанкулова Т.Н. 2010-жылы Эрменбаевага мыйзамсыз  сатып жибергенин, универмаг аныкы экенин көрсөтүп 2005-жылдагы 20-июлундагы чечимине кассациялык тартипте даттанган. Анын арызы негизсиздигине карабай шаардык соту даттануу мөөнөтү калыбына келтирилсин деген аныктама чыгарган. (аныктама бул жерде)

Бул жарандык  ишти 2012-жылдын 29-ноябрында Талас облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы карап, Талас шаардык соту 2005-жылдын 20-июлундагы чечимин бузуп, Султанованын арызы кароосуз калтырылган. (токтом бул жерде)

Бирок, Саркишевдердин арызы боюнча кайра 2013-жылдын 7-мартында Талас шаардык ачык сот отурумунда каралып, 2010-жылдын 1-июлунда Султанова Т.Н. менен Эрменбаева Жнын ортосунда түзүлгөн келишими жокко чыгарылган.

2012-жылдын 8-ноябрындагы аныктама Талас облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан Эрменбаеванын арызы боюнча каралып 2013-жылдын 9-июлунда бузулуп жокко чыгарылган. (аныктама бул жерде)

2013-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соттук отурумунда А.К.Саркишев К.Д.Саркишевге ишеним кат берүүгө ыйгарым укугу болбогонун, жарандык иш көзөмөл өндүрүшүнөн кыскартууга жатат деп соттук коллегия эсептеп, Талас шаардык сотунун 2005-жылдын 20-июлундагы чечимине кассациялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү көзөмөл өндүрүшүнөн кыскартылсын деп аныктама чыгарган. (аныктама бул жерде)

            Ушул эле иш боюнча 2013-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан каралып Эрменбаеванын Талас облустук сотунун 2012-жылдын 29-ноябрындагы токтомуна карата көзөмөл тартибиндеги даттануусу боюнча козголгон жарандык ишти жүргүзүү өндүрүшү жана А.Саркишевдин мыйзамдуу өкүлү К.Саркишевдин кассациялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирип берүү жөнүндөгү өтүнүчү соттук материал каралганга чейин токтотулган. (аныктама бул жерде)

2013-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан каралып Талас облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 9-июлундагы аныктамасы бузулуп, Талас шаардык сотунун 2012-жылдын 8-ноябрындагы аныктамасы күчүндө калтырылып, К. Саркишевдин көзөмөл даттануусу канааттандырылсын деген токтом чыгарган. (токтом бул жерде)

P.S. Жети жыл өткөн соң кассациялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө кандай себептер болгон?

Бул иш боюнча Талас облустунда жана Талас шаардык сот отурмунда каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттук коллегиясынын отурумунда каралмакчы.

Эрменбаеванын арызы боюнча 2014-жылдын 24-январына саат 14.30да Кыргыз Республикасынын Жогорку соттук коллегиясынын отурумуна коюлган. Сот отуруму 1 саат 20 мөөнөткө кечигип башталып, бирок сот отуруму  2014-жылдын 27-январына калтырылган. Мунун себеби  төрагалык кылуучу командировкага кеткен.