Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Абиджан Исаков жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова терроризмге байланыштуу иштерди тергөө жана соттук кароо максатында эл аралык кызматташтык тармагында тажрыйба алмашуу боюнча аймактык семинарга катышууда.
Семинар өз ишин үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Душанбе шаарында баштаган.
Жогорудагы иш чараны БУУнун баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгү «Терроризм менен күрөшүүдө укуктун улуктугунун принциптерине ылайык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жазык сот адилеттигинин тутумунун дараметин бекемдөө» (ХАСХ50) долбоорунун алкагында, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен кызматташтыкта өткөрүүдө.
Семинарга Борбор Азия өлкөлөрүнүн Башкы прокуратура, Жогорку Сот, ИИМ, Улуттук коопсуздук кызматы/комитети, каржылык мониторинг башкармалыктарынын/