Нарын райондук сотунун проблемалары

добавлен 19 ноября 2013 17:40
просмотров 970

 

 

12.11.2013. Нарын райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Эркин соттордун иштешине төмөнкү проблемалар сотордун натыйжалуу иш алып баруусуна терс таасир этерин билдирди.

Нарын райондук соттордун жардамчылары, катчылары билимдик квалификациясын жогорулатууга абдан муктаж. Себеби соттордун жардамчылары, катчылары учүн окутуу программалары, семинар , тренингтер  жок.

Нарын райондук сотундагы курьер болуп иштеген кызматкер айлык акы катары болгону 3000 сом айлык алат, курьер каттарды ташыганга жол кирени өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Нарын райондук сотунда өзгөчөө маааниге ээ жашыруун материалдар өзгөчө кайтаруусуз эле анча коопсуз жерде сакталат .

Уголовдук иштерди кароо учурунда соттор өзгөчө кайтарууга муктаж, соттук приставтар жок, соттордун коопсуздугу каралган эмес. Жакында эле Нарын шаардык сотунун судьясы Урустемовду процесстен кийин  имарат ичинен жабырлануучу тараптын өкүлдөрү бычак менен коркутушкан, бул процесстен кийин сот залынын эшигин талкалап кетишкен.

Нарын райондук сотунда иштерди кароодо далилдер видеого тартылып дисктерде болсо ал далилдерди көрүүгө керектүү апаратуралар жок.