Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Джамашева Жогорку Соттордун Эл аралыкэкинчи – Соттук процесстеги ачыктык саммиттине катышуу үчүн Стамбул шаарына сапар алды.
Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева жогорудагы саммиттин алкагында Кыргызстандын сот тутуму тууралуу докладынсунуштайт.
Эл аралык самитти Түркия Республикасынын Кассациялык соту жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Түркиядагы өкүлчүлүгү уюштурууда. Саммит 2013-жылдын 20-ноябрынан 23-ноябрына чейин Стамбул шаарында (Турция) өтөт.
Саммитке Афганистан, Монголия, Россия, Индонезия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Азербайжан, Лаос, Малайзия, Мьянма, Непал, Вьетнам, Бангладеш, Грузия, Таиланд, Филиппин, Жаӊы Зеландия өлкөлөрүнүн Жогорку Сотторунун Төрагалары чакырылган.
Саммиттин программасында соттук процесстеги ачыктык боюнча эӊ жакшы тажрыйба боюнча бет ачарлар, соттук процесстеги ачыктык декларациясынын долбоорун кароо маселелери, докладдар тартууланып, талкууланат.