Сот департаментинин жана соттордун аппарат кызматкерлери 2 кyндyк окутуу oтyyдo

добавлен 18 ноября 2013 20:27
просмотров 973

 

 

2013-жылдын 18-19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду менен биргеликте жана БУУнун Калк жаатындагы фондунун (UNFPA) каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жана соттордун аппарат кызматкерлеринесеминар өткөрүүдө. «Гендердик кылмыштар боюнча статистика: үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды чогултуу жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистиканын сапатын жогорулатуу маселелери» аталыштагы 2 күндүк семинар Бишкекте өтүүдө.

Эки күндүк семинардын ишинде Сот департаментинин жанасоттордун аппарат кызматкерлери, баардыгы болуп 30 кызматкеркатышууда.

Иш-чаранын тренер – эксперттери болуп Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттикоргандар менен өз ара аракеттешүү, эл аралык милдеттемелердиаткаруу, соттук статистика жана анализдөө бөлүмүнүн башчысыАракеева А.А., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштууСот департаментинин мамлекеттик органдар менен өз арааракеттешүү, эл аралык милдеттемелерди аткаруу, соттук статистикажана анализдөө бөлүмүнүн башкы адиси Иващенко Л.Е., «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдукфондусунун эксперттери Л. Илибезова жана Т. Тюлекова окутууда.

Семинарды куттуктоо сөзү менен судьяларды окутуу Борборунун бөлүм башчысы К. Кушназарова, «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондусунун эксперти Л. Илибезова жанаБУУнун Калк жаатындагы фондунун (UNFPA) гендердик программалар боюнча жетекчиси Н. Кендирбаева ачышты.

Семинардын программасына ылайык төмөнкү маселелер каралууда:

·         Гендер. Гендердик мамилелер. Түшүнүктөр жана тажрыйба. Гендердик стереотиптер жана аларды кайра өндүрүү жолдору.

·      Эмгекти гендердик бөлүштүрүү. Гендердик квоталар. Гендердик теӊчилик тармагындагы эл аралык жана улуттук мыйзамдар.

·      Гендердик статистика деген эмне, кимге жана эмне үчүн керек. Гендердик статистиканын эл аралык принциптери. Гендердик зомбулук тармагындагы статистиканын өнүгүү татаалдыктары.

·      Үй-бүлөлүк зомбулуктун классификациясы жана түрлөрү.

·       «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча улуттук статистика.

·      Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ченемдик атылары менен таанышуу, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу. Соттордун үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү статистикалык маалыматтарын чогултуу системасы.