Жогорку Соттун судьясы Б. Бактыгулов аймактык семинарга катышат

добавлен 13 ноября 2013 13:54
просмотров 757

 

 

2013-жылдын 12-ноябрынан 14-ноябрына чейин Ташкент шаарында, коррупциялык кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), аларды табуу, камакка алуу (арест салуу), конфискациялоо жана кайтарууну алдын алуу максатында, эл аралык кызматташтык тармагында тажрыйба алмашуу боюнча аймактык семинар өтөт. 

Семинардын уюштуруучусу БУУнун баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгү (GLO900) укуктук колдоо Глобалдуу программасынын алкагында Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасы менен кызматташтыкта өткөрүүдө.

Семинардын максаттары болуп Борбордук Азия мамлекеттеринин дараметин бекемдөө жана эл аралык кызматташууда коррупциялык кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), аларды табуу, камакка алуу (арест салуу), конфискациялоо жана кайтарууну алдын алуу саналат.

Семинарда финансылык мониторинг органдарынын, банк ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн, Борбор Азия, Улуу Британия, Гернси, Кытай, Латвия, Лихтенштейн, Россия, АКШ, Швецария, Эстония өлкөлөрүнөн прокурорлор жана судьялардын катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, БУУнун баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Бүткүл дүйнөлүк банктын жана башка уюмдардын эксперттеринин катышуусу күтүлүүдө.

Жогорудагы аймактык семинарга кыргыз Фемидасынын атынан Жогорку Соттун судьясы  Бусурманкул Бактыгулов катышмакчы.