Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Торагасынын орун басары Канат Турганбековдун «Фабула» гезитине берген интервьюсу

добавлен 23 октября 2013 09:55
просмотров 867

 

 

- Канат Турганбекович, Жогорку Соттун жаңы курамы иштей баштаганына бир жылдан ашып калды. Мына ушул убакыттын ичинде кандай өзгөрүү, кандай жылыштар болду?

- Биз былтыр 17-сентябрда ишке киришкенбиз. Ошол күндөн тартып, жаңы күч, жаңы дем жана жаңы көз караш менен иштеп келатабыз. Бул убакыттын ичинде укмуш өзгөртүүлөрдү жасап жибербесек да, мурунку жылдарга салыштырмалуу ишин көрсөткүчтөрү бир топ эле жакшырттык деп айтсам жаңылышпайм. Толук маалымат берсек, быйыл апелляциялык иштер боюнча 9 айда 771, ал эми кассация боюнча 244 иш каралды. Бирок баса белгилеп айта кетчү нерсе, бизге келген иштердин көбү прокурордун сунуштамасы түшүп жатат, биз аларды мыйзамга такап оңдоп, кээ бирлерин жокко чыгаруудабыз. Жыйынтыгында бизге жардам сурап келген көпчүлүк адамдар ыраазы болуп кетип жатышат.

Толугураак

 

- Жогорку Соттун дагы 3-4 судьясы шайлана элеги белгилүү. Алар качан шайланат? Толук курам болбогондон кийин, бардык иштерди кароого жетишпей жатсаңыздар керек?

- Азыр бизде 8 судьялык эле коллегия иштеп жатат. Аларга иш абдан көп, эң алды 200дөн ашык ишти кароого туура келип жатат. Негизи норма боюнча 150дөн ашпашы керек эле. Бизге дагы 4 судья шайланып келиши керек эле, бирок тандоо иштери 6 айдан бери токтоп, бул иш алдыга жылбай турат. Чынын айтканда, иштин минтип токтоп турганы биз үчүн жакшы болгон жок. Себеби, жергиликтүү соттор бизге түздөн-түз баш ийбейт. Алардын ишмердүүлүгүн толук текшергенге да укугубуз жок. Ошон үчүн, алар өз каалаганын кылып жатышат. Көпчүлүгү ана кетебиз, мына кетебиз деген маанай менен иштеп жатышат. Биз болсо съездибизди өткөрө албай, Соттор кеңешинин жаңы курамын шайлай албай жатабыз. Кыскасы, Сотторду тандоо иштеринин токтоп калганы бизге бир топ эле тоскоолдук жаратып, эч нерсе кыла албай турабыз. Эртерээк иш жанданса жакшы болот эле. Дагы тереңдете айтканда, азыр бизге республика боюнча жалпы иштердин 20 эле пайызы келип жатат. Көпчүлүгүнө прокурордун сунуштамасы жок. Демек, прокурор сунуштама жазбагандан кийин, алар кандай кылмыш кылса да он күндөн кийин эркиндикке чыгып кетет, анан аларды кайра кармаш такыр эле мүмкүн болбой калат. Бул маселе боюнча Башкы прокурорго, анын орун басарына да атайын кайрылып айттым. Азыр бизде туура эмес каралган иштердин 90 пайызга жакын бузулуп жатат.

- Судьялардын жоопкерчилиги боюнча кеп кылсак. Чынында, судьяларга коомчулуктун басымдуу бөлүгү нааразы. Себеби, туура чечим чыгарбай, акчанын аркасынан чуркаган судьялар четтен табылат эмеспи...

- Мындай көрүнүштөр бар, жок деп айтуудан алысмын. Беш кол тең эмес дегендей, укмуш болуп оңолуп кеттик деп айтууга эрте. Ошондой болсо да, тазаланууга аракеттерди жасап жатабыз. Акыркы 6 айдын ичинде 10го жакын судьянын үстүнөн жай аныктама каралды. Айтор, бул жагына азыр биз катуу туруп жатабыз, менимче алдыда жыйынтыктар жакшы эле болот.

Мисалы, жакында эле Ташиевдерди эки сөз жазып, актап салган Шаардык соттун эки судьясы кызматтан алынды. Чынында ал депутаттардын күнөөсү бар болчу. Андай иштерге болбой калды дегенде 10 жылга кетишмек. Жазасы кыйла эле төмөн берилген. Эгер шаардан акталбай, жаза алып Жогорку Сотко келсе, анда биз ишти мыйзам жүзүндө карап, балким бузуп, кайра жөнөтмөкпүз. Бирок биз да элдин тынчтыгын ойлоп, кырдаалды байкап, биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып койдук.

- Жогоруда сөз арасында айтылган Соттор кеңешинин ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор өзгөчө көп. Аталган кеңеш: “Карга, карганын көзүн чокубайт” деген принцип менен иштеп жатканын сиз деле жакшы билесиз да...

- Бул айтылгандарды четке кага албайм. Баарын көрүп, билип турабыз. Ошон үчүн биз Соттор кеңешинин курамын өзгөртүү, тактап айтканда жалаң эле судьялардан эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, керек болсо депутаттар да мүчө болсун деп сунуш кылып жатабыз. Ушундай тартипке өтүп алсак, жакшы болгону турат. Келип түшкөн арыздардын юридикалык жагын юридикалык билими бар судьялар карап, башкаларга ал жагын түшүндүрүп бермек. Анан жалпы бир пикирге келип, кандай жаза беришти өздөрү чечишет эле. Ошондо, Соттор кеңешинин курамы бир беткей болбой, ар тараптуу болуп, иш жакшырмак деген оюбуз бар. “Карга, карганын көзүн чокубайт” деп айтылган сөз бир аз бир беткейлик болуп калат. Себеби, жоопко тартылып, өз жазасын алып жаткан соттор да аз эмес. Мисалы, Жумгал районунун соту пара алганы үчүн 6 жылга шарттуу түрдө кесилиптир, биз ал шарттуу түрдө дегенин алып, реалдуу колониялык режимге которгонбуз. Токтогул районунун соту да пара менен кармалып, шарттуу түрдө кесилген болчу, аны да бузганбыз, реалдуу жазага которуп. Жалал-Абад шаарынын сотуна да ушундай эле жаза бергенбиз. Андан тышкары, Түп районун сотунун ишин да карадык, бирок анын жашы 65ке келип калыптыр. Ошондуктан ага айып түрүндөгү жаза тандалып алынган. Биринчи аз суммадагы айып салынган экен, биз аны 3 миллион сомго көбөйттүк. Бизде консультант болуп иштеген бир кыздын да алдамчылык кылмыш иши бар эле, анын баш коргоо чарасын өзгөрттүк. Себеби, жалгыз бой, анан да 3 жаштагы баласы бар экен. Иши болсо азырынча, карала элек, каралгандан кийин, кандай болуп чечилет билинет да. Жалпылай алганда, Жогорку Сотту жаман атты кылган жергиликтүү соттор. Себеби, аларга биздин колубуз жетпейт, түздөн-түз көзөмөлдөй албайбыз.

- 2010-жылдын 7-апрелинен бери билгени деле, билбегени деле сот тармагын реформа кылабыз деп кыйкырып келатышат. Анын күүсү менен анча-мына иштер жасалгандай болду. Биринчи кезекте көп жылдык тажрыйбасы бар адис катары айтсаңыз, деги сот тармагында кандай өзгөрүү болду?

- Өтүп кеткен акыркы үч жылга кылчайып карасак, анчалык деле чоң өзгөрүү байкалбаганы менен, белгилеп айта турган бир катар иштер жүрүп жатат. Мисалы, адам укугун коргоо боюнча жакшы иштер колго алына баштады, бул маселе боюнча бизге көптөгөн эл аралык уюмдар келип кетип жатышат. Биз залдарыбызга соттук процесстерди башынан аягына чейин чагылдырып, көрсөтө турган видеокамералар коюлду. Мурда мындай такыр жок эле. Ар бир каалаган адам процесстердин жүрүшүн жакындан баштап, биздин сайтыбыздан көрө алат. Эки гана иш, так айтканда зордуктоо боюнча жана мамлекеттик сыр катылган иш болсо көрсөтүлбөйт, калган иштер толугу менен көрсөтүлөт. Эл аралык уюмдар гранттык түрдө буга 15 миллион доллар беребиз деп жатышат, эгер ал акча келип калса, биринчи кезекте Чүй, Ош облустарына, андан кийин Талас, Нарын, айтор бардык облустарга видео камера орнотобуз. Коюлуп калса, анда соттордун адвокаттардын, мамлекеттики айыптоочулардын да жоопкерчилиги аз да болсо жогорулайт деген ишеним бар.

- Судьялар пара алгандан алыс болуп, жоопкерчиликтүү мамиле менен иштеш үчүн Жогорку Соттун судьяларыныкын 150 миң, калгандарыныкын 120 миңден, 100 миңге чейин жогорулатабыз деп Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет башчылары айтып эле келатат. Бул боюнча кандай пикир айтасыз?

- Андай демилгени Каржы министрлиги “бюджетте акча аз” деген негиз менен колдобой койгон. КМШ мамлекеттеринин ичинен судьялар боюнча эң аз айлык биздики. Аларды айтпаганда да, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн референттери 40-50 миң алышат. Биз статус боюнча министрлер менен теңбиз, бирок алардын да айлыгы бизге караганда эки-үч эсеге жогору. Бизде болсо айлык 20 миң. Мына ушундай мисалдарды келтирип, биз президентке кайрылганбыз. Буйруса, президент биздин кайрылуубузду колдоп, 1-октябрдан баштап, айлыкты 40 пайызга көбөйө турган болду, эми маянабыз миң доллардын айланасында болот. Мындай колдоо биздин кызматкерлерге жакшы стимул болуп, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатат деген ниеттебиз.

- Учурда Кумтөр маселеси каралып жатпайбы. Эгер келишимди жокко чыгарып соттошсок, биз соттон утулабызбы? Деги эле юридикалык жактан алганда соттошуунун жол жобосу кандай болот?

- Келишимде Кумтөрдүн маселеси сотко өтсө, Кыргызстанда эмес, башка бир үчүнчү мамлекетте соттошот деп жазылып калган. Коррупциялык схема менен түзүлгөн келишим экен көрүнүп эле турбайбы. Эл аралык сот кандай чечет, аны азырынча божомол болсо да айтуу кыйын. Бирок биз “Центерраны” Кумтөрдүн экологиясын талкалагандыгы үчүн сотко берип, ал соттук ишти өзүбүздө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Чындык биз тарапта болгондон кийин жеңип чыгууга ишенич бар.

- Камчы Көлбаевдин соту узак убакыттан бери уланууда. Бирок ага каршы көрсөтмө бергендер, азыр көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жатышат. Мындай учурда сот кандай чечим чыгарат? Же эркиндикке жол ачылабы?

- Чынында Көлбаев “вор в законе” болбосо, анда соттолмок. Бирок азыр жабыркоочулардын көрсөтмө берүүдөн баш тартканы сотторду ыңгайсыз абалда калтырып коет. Эгер арыз жазган киши жок болсо, анда соттор аны эмненин негизинде соттошот? Мыйзам боюнча актоого туура келип калат да. Актап жиберсе, сотторду элдин баары жек көрөт: “сатылып кетти, акча алды, же коркту” деген ар кандай сөздөрдү айтышат. Ошон үчүн Көлбаевдин ишинде талаштуу маселелер көп болуп турат. Биринчи кезекте анын ишин карап жаткан сотторго эң оор болуп калат. Мындай абал менен, анын иши бизге жетпей эле бүтүп калышы мүмкүн.

- Жакында эле Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Океновду актап, кайра кызматына алып келип койдуңуздар. Аталган фондго миллиондорду максатсыз пайдаланган деп айып коюлуп жатса, муну кандай түшүнөбүз?

 - Биз аны актап жиберген жокпуз. Ал кызматтан алынганда, тергөөчү ката кетирип койгон. Тергөө иштери жүрүп жатканда, анын иши соттук ишке кирбейт, ал өзүнчө болуп эсептелет. Мындайча айтканда, ал тергөөчү соттун укугун алып алган. Ишти ошон үчүн гана бузганбыз. Ал максатсыз жумшалды деп айтылган иштер боюнча иликтөөлөр ал алдыда да, биз ага жете элекпиз.

 

 Айбек Шамшыкеев

Источник: jogorku.sot.kg