Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборуквалификациялык экзаменге катышууга документтерди кабыл алууну баштады.
Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялыкэкзамен өткөрүү боюнча
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК КОМИССИЯ 2013 жылдын 7 октябрынантартып 11 ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү сотторунун судьясынынкызмат ордуна талапкерлер үчүн, ошондой эле 2012 жылдын квалификациялык
экзамендинжыйынтыгынын негизинде төмөн балл (чектелген балл) алган талапкерлер үчүнквалификациялык экзаменге
катышууга кошумча документтерди кабыл алууну ЖАРЫЯЛАЙТ.
Квалификациялык комиссияга квалификациялык экзаменден өтүү тууралуу арыз берүүдө талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:
1. Жарандыгын тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;
2. Нотариустун мөөрү менен бекитилген юридикалык жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;
3. Кагаз тигилүүчү папка.
Арыз жана тийиштүү документтерди жогоруда белгиленген убакыттан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборуна саат 9.00 - 17.00 чейин ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары тапшыруу тийиш. Дареги: Бишкек ш., Москва к., 201, каб. №4.
Эскертүү: Жанында паспорту жана юридикалык жогорку билимин тастыктаган диплому болушу керек.
Маалымат берүү телефондору: (0312) 352988, 456606, 454736, 456616.
Кошумча маалыматтар www.jtc.sudsystem.kg жана www.jogorku.sot.kg веб-сайттарында жайгаштырылат.