Кыргызстанда же мыйзамдардар же соттор онолбой койду (шайлоо чырларынын уландысы).

добавлен 14 августа 2013 18:35
просмотров 867

 

 

Сот системасын көзөмөлдө боюнча Жарандык кенештин Коомдук кабылдамасына Бакай-Ата райондук соттун судьясы З. Абдиеванын чечимине, жана ошол чечимди өзгөртүсүз калтырган Жогорку соттун сот курамы Г. Уметалиева, Б. Батыралиев жана П. Жумагуловдордун чечимине нараазы болуп У. Жунусов кайрылды.

Иштин маңызы: У. Жунусов 2011 жылдан баштап Талас облусунун, Бакай Ата районунун Акназаров айылдык аймагында айыл башчысы болуп эмгектенип келген. 2013 жылы кайрадан шайлоого катышайын деп, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына кайрылса, ал жерден мындай кызматка талапкерлигиңиз мыйзамда коюлган критерийлерге туура келбейт, деген жооп алды, анткени У. Жунусов 1991 жылы Кылмыш Кодексинин  219 беренеси менен соттолгон (жол кырсыгына кабылган, кылмыш байкосуздан жасалган), бирок ошол эле кодекстин 76 беренесине ылайык бул соттугук жоюлган, деп эсептелинет. Жооп бул жерде.

Шайлоо баштала электе, ушул маселе кандай болот экен деп, У. Жунусов Жогорку кенештин Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине кайрылган. Ал жерден айыл өкмөтүнүн башчылыгына мамлекет бийлигине каршы кылмыш жасагандар жана кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылып, ал боюнча соттулугу алына элек же жабыла элек болсо, мындай жаран талапкерлике кое албайт, деген жооп алган. Жооп бул жерде.

Сот териштирүүсү:

25.01.2013 жылы Бакай Ата районндук сотунун судьясы З.Абдиева аймактык шайлоо комиссиясы У. Жунусовдун документтерин туура эмес деп кабыл албай койгондугу жөнүндө арызын канааттандыруусуз калтырылсын деп чечим чыгарган. Чечим бул жерде.

29.01.2013 жылы КР Жогорку соту соттук курамында: Г. Уметалиева, Б. Батыралиев жана П. Жумагулов бул ишти көзөмөл иретинде карап Бакай Ата районндук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Чечим бул жерде.

Ошентип бүгүнкү күндө 2011 жылдын 15 июлдунда кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын 48 беренесине ылайык «...кылмыш жасагандыгы жөнүндө соттулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте соттулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан КР жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мумкун эмес», деп белгилейт.

Ошондой эле 2012 жылдын 10 августунда кабыл алынган «Муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 10 беренесине ылайык «мамлекеттик бийлике каршы кылмыш жасаганы үчүн» соттулугу бар адам муниципалдык кызматта боло албайт, деп аныкталган.

Эгер мыйзамдарда бир маселе боюнча карыма каршылык болсо анда «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» КР мыйзамынын  10 беренесине ылайык, мурунку кабыл алынган мыйзамдын нормалары колдонушу токтотулуп, кийинки мыйзамдын беренеси ишке кирет, деп аныкталган.

Ошол  маселелерди көнүлгө албастан, Бакай Ата районндук соту жана КР Жогорку соту мыйзамдарды тебелеп чечим кабыл алышкан.

P.S. Бүгүнкү күндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын 48 беренесинин 4 бөлүгү КР жарандарынын шайлоого жана шайланууга болгон Конституциялык укугун чектеп жатканы жөнүндө КР Жогорку соттун Конституциялык палатасына доо арыз жиберилди.