Жогорку Сот депутаттардын иши боюнча тыныгуу жарыялады

добавлен 16 июля 2013 18:08
просмотров 889

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы бүгүн, 2013 –жылдын 16 – июлунда, Жогорку Кеӊештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана башкаларга карата жазык ишти карап, 3 жактоочунун (Азамат Булатов – С. Кадырбаевдин жактоочусу, Мира Токтомушева – Б. Исаевдин жактоочусу, Келдибек Аскаралиев – К. Камчыбековдун жактоочусу) ишке жаӊы киришкенине байланыштуу, алар жазык ишинин материалдары менен таанышууга убакыт берүү өтүнүч келтиргендигине байланыштуу, о.э. айрым жактоочулардын мамлекеттик айыптоочулардын көзөмөл сунушунун көчүрмөсүн берүүсүн өтүнгөндүгүнө байланыштуу, бул ишти кароодо тыныгуу жарыялады. Сот отуруму 23-июлда саат 10:00дө уланат.