КРнын Жогорку Сотунун окулдорунун АКШнын мамлекеттик кызматкерлер тобу менен жолугушуусу

добавлен 27 июня 2013 16:46
просмотров 726

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги багыттары менен таанышуу үчүн келген АКШнын мамлекеттик кызматкерлер тобу менен жолугушуусу болуп өттү. Топтун курамы: Эндрю Мутавджия, Тони Ирвинг, Руди Патитучи, Трой А. Петерс, Тэмми Тэйлор, Джулии Могенсен, Полли МакКинни, Рудольфо дэ Джэсус. Ал эми топтун коштоочулары World Learning Legislative Fellows программасынын координатору Джессика Эллербах жана Education Network Билим берүү мекемелеринин Ассоциациясынын координатору Гульзада Дуйшебаева болушту. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан Н. Султаналиев Жогорку Соттун аппарат жетекчисинин орун басары, К. Абдыкадыров Жогорку Соттун Төрагасынын кеӊешчиси, Б. Азимжанова Жогорку Соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы анализдөө бөлүмүнүн башчысы, М. Тагаев Жогорку Соттун массалык маалыматтар каражаттары менен байланышуу, эл аралык катнаш жана протокол бөлүмүнүн башчысы катышты.

Жолугушуу Борбор Азиядагы мамлекеттик саясат алмашуу Программасынын алкагында, Education Network (КР) билим берүү ассоциациясы жана АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жана «Коомдук иликтөөлөр институту» коомдук бирикмесинин  жардамы менен ишке ашты.

Жолугушуу учурунда келген коноктор Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, жүрүп жаткан сотторду тандоо тартиби менен, ошондой эле Кыргызстандагы жүрүп жаткан сот тутумунун реформасы менен  таанышты. 

Мындан тышкары, АКШнын мамлекеттик кызматкерлери балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо тууралуу, Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотунун ролу жөнүндө жана башка көптөгөн суроолоруна жооп алышты. 

Жолугушуу соӊунда Джессика Эллербах жана Гульзада Дуйшебаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүлдөрүнө жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле жогоруда айтылган Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун кызматкерлери дагы АКШга тажрыйба алмашуу үчүн баруу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилешти. 

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүлдөрүнүн да, келген конокторго ыраазычылык билдирүүсү менен жолугушуу аяктады.