Соттордун кейпи бул болсо, Кыргызстанда жашоонун кереги барбы???

добавлен 29 мая 2013 12:24
просмотров 1430

 

 

Сот системасынын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Нарын шаарынан Тезекбаева Нарина кайрылды. Ал Нарын шаардык сотунун төрагасы судья Эрматов Жапардын, анан Нарын облустук сотунун соттук коллегиясында: Ж.Ибраева, М.Байышов жана А. Абдыбеков; жана башка курамы: Б. Бактыгулов,  Т. Рахматов, А. Керимкулова; дагы КР Жогорку Сотунун сот коллегиясы, курамында: Б.Баатырбеков, Д. Арстанбаева, Г.Уметалиеванын чечимдерине нараазы болуп, арыз жазып келген.

Иштин мааңызы:  Тезекбаева Нарина 1986 жылы турмушка чыгып (нике күбөлүгү бар) бир балалу болуп (жалгыз баласы төрөлгөндөн майып), 1988 жылдан баштап үйбүлөөсү там алып, аны 1993 жылы приватташтырып, 2008 жылга чейин чогу жашашкан. Ортодо ой келиспештик башталганда 2008 жылы  Тезекбаева Нарина сотко кайрылып мүлкүбүздү бөлүп бергиле, деп арызын таштайт. Ошол эле жылы август айында Наринанын жолдошу үйдү бөлүштүрүдөн качып, таанышына жер тилкемди сатып бер, деп ишеним кат берет (ишеним кат бул жерде). Жер тилке болгон эмес, ал ишеним катта көрсөтүлгөн дарек боюнча бул үй бүлөнүн турак жайы жайгашкан. Ошентип ал каттын негизинде чогу жашап турган кезде алынган турак жай сатылып кетет. Эмнеси кызыктуу бул чатак тамды Наринанын жолдошу ишеним кат аркылуу таанышына сатканга улуксат берсе, ал таанышы өзүнүн күйөсүнө сатат (алып сатуу келишим бул жерде). Нарина күйөсү менен ажырашу жөнүндө күбөлүктү колуна 2010 жылы кана алган, анда кантип жолдошу анын улуксаты жок үйдү сатканга (үйдү дагы эмес жер тилкени, деп коюшкан) мүмкүнчүлүгү болду?  Ушул жагдайларга карабай соттун чечимдерин карагылачы.

Соттук териштирүүсү:

28.04.2009 жылы Нарын шаардык сотунун төрагасы судья Эрматов Жапар  Тезекбаева Наринанын кызы экөөнө тиешелүү болгон турак жайын чыгарып берүү доо арызын канаттандырусуз калтырган. Бул чечими менен энени майып кызы менен көчөдө калтырган. Чечим бул жерде.

09.09.2009 жылы Нарын облустук сотунун соттук коллегиясы, курамында: Ж.Ибраева, М.Байышов жана А. Абдыбеков Тезекбаева Наринанын апелляциялык даттанусун карап Нарын шаардык сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырган. Чечим бул жерде.

12.04.2010 жылы КР Жогорку Сотунун сот коллегиясы, курамында: А. Кудайбергенов, Ф.Джамашева, Д. Бекбоева Нарын облустук сотунун чечимин бузуп, бул ишти апелляциялык сотко кайра кароого жиберген. Баракелде! Чечим бул жерде.

02.06.2010 жылы Нарын облустук сотунун соттук коллегиясы, курамында: Б. Бактыгулов,  Т. Рахматов, А. Керимкулова карап Нарын шаардык сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырылсын деген чечимди чыгарышкан. Чечим бул жерде.

15.05.2013 жылы бул иш кайра Жогорку Сотко келип азыркы жаңыланып иштеп жаткан сотторго түштү. Аны Жогорку Сотунун сот коллегиясы, курамында: Б.Баатырбеков, Д. Арстанбаева жана Г.Уметалиева карап Нарын шаардык сотунун чечимин  өзгөртүсүз калтырылсын деген чечим чыгарып берди. Эмнеси кызык бул иш биринчи, ушул эле соттук курамында Ж.Байзуллаеванын катышуусунда 28.04.2013 жылы сот отуруму өткөн экен. Бирок бул ишти 15.05.2013 жылга калтырып коюп, ошол күнү Ж. Байзуллаеваны Г. Уметалиевага алмаштырышкан. Эмнеге иш каралып баштагандан кийин сот курамын алмаштырышты, же Ж. Байзуллаева мындай чечимге маакул болбой койгонбу, кимдин кызыкчылыгына бул чечим чыгарылды?

P.S. Энени майып баласы менен КИМ КОРГОЙТ мыйзам коргобосо?