Акыйкаттыкты даназалаган ырды угаар кулак барбы???

добавлен 13 марта 2013 20:31
просмотров 650

 

 

Соттор тандоо кеңеши Нарын облустук сотунун судьяларын тандашты. Көптөн бери ушак угулуп жатат, «ал жерде баары  акчага сатылып жатат» деп. Эмне үчүн ушак деп айтканыбыздын себеби, анткени колубуз менен эч кимди кармай элекпиз, бирок  1 менен 2 турдагы сынактын жыйынтыктарын, 3 тур менен  жокко чыгарып жатканы, элге ачык эле көрүнүп турганы абдан кайгылуу болуп жатат. «Эгерде сынактын жыйынтыгы эч нерсе чечпесе, анда анын өткөзүүнүн кажети эмнеде», деген ой туулат экен. Анан дагы,   1 жана 2 турда ашып кетсе эки талапкер сынактан четтетилет, ошону менен бүт талапкерлер бирдей  мүмкунчүлүк  менен 3 турга барганы, бул ШОУ болуп калганы баарына ачык эле көрүнүп жатат.  Бир судья келип, «Менде акча жок, ошондуктан мен өтпөйм», деп айткан эле. Кийин ал сынактан жакшы көрсөткучтөрду көргөзө алды. Өмүр бою судья болуп иштептир, бирок анын атына биздин кабылдамага бир дагы арыз түшкөөн эмес. Эгерде Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү өздөрү  койгон  упайларга таянып тандоо жасашса, ал судья тандоодон өтуп кетмек. Өзү айткандай эле жетиштүү упайга ээ болмок тургай, көбүнчөөсү кааршы болушкан, эмненин негизинде? «Алар өздөрүү бийик упай койбоду беле», деп бизге  суроо узатышат. Бул суроого эч ким бүгүн жооп бере албайт, жадагалса Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүү дагы. Тандоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин бир талапкер мындай ыр жазып, Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин коомдук кабылдамаасына таштап кеткен.

  Талапкердин  судьялыкка конкурстук тандоо өткөндөн  кийин жазган  ыры

Чындык кайда? Ал зынданда калганганбы

Угулбады алсыздардын арманы

Ташка уруп, талапкердин үмүтүн

Кара жемсөө, паракорлор жайнады

***

Жөргөмүчтүн желесине байланган

Чындык байкуш, ал чымынга айланган

Чыркыраган, зыркыраган алсыз үн....

А, караөзгөй аны кайдан аяган?

***

Паракордун көр пенденин кылганы

Ойлой, ойлой акылга түк сыйбады

Аттиң  арман, чындык үчүн жан үрөп

Эмне таптым? Акыйкаттык ыйлады

***

Кузгун айтат «300 жылга жашайм, деп

Таштандыны, тарпты кошо ашайм», деп

Бүркүт  аны жиркеничтүү карады

«Арам тамак, кара көзүн кашай» деп

***

Биз жашайбыз өмүр жолун кыялап,

Жан дүйнөөнү аркыл ойлор уялап,

Таза чындык унуткалып, а бирок

Нукуралык жасалмадан уялат.

P.S. КАЧАН, КАНТИП өзгөөрүгө, жаңылаануга барабыз, ушундай жагдайлар ачык эле болуп  жатса....