Express-адвокат же мамлекеттик тилде откон процесстерде официалдык тилди колдонуу конумуш адатка айландыбы?

добавлен 12 марта 2013 15:10
просмотров 709

 

 

6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Асанов Качкындын 2012-жылдын 3-апрелиндеги Тон райондук сотунун “жер үлүшүн бөтөн адамдын мыйзамсыз пайдалануусунан тартып алуу” чечимине  болгон көзөмөл  иретинде даттануусу каралып башталды.

Төрагасы Калиева Г., судьялар Кулматова Д., Базаралиева А., коллегиясынан турган сот, соттук процессти 54 мүнөткө кеч баштады. Төмөндөгү судьялар катышкан процесстин кеч башталышы, кийинки процесстердин кечигүүсүнө себеп болуп жатты. Сот процессинин каралуусуна тарап Манапбаев Дамирдин өкүлү Идирис уулу Мирландын башка күнгө дайындалсын (отложение) деген суранычы тоскол болду. Жактоочу судьяларга орус тилинде жазылган өтунуч менен кайрылды. Судья иш кыргыз тилинде жүрүп жаткандыгын эскертип өтүү менен, «Сизге канча убакыт керек?» деген судьянын суроосуна жактоочу иштин чогу жайын түшүнүп алганга «хотя бы день дайте» деп өтүндү.

Кара кылды как жарган адилеттүүлүктү жактап чыгат деп ишенген өкүлдөрүбүз сот процесстеринде мамлекеттик тил менен официалдык тилди айрымалай алышпаса, жактоочусунун кызыкчылыгын канчалык денгээлде коргой алат деген суроо пайда болот. Адистердин тажрыйбалуулугун денгээлинин бийиктиги жэ төмөндүгү заманга жараша ар кандай.

Ал эми жок дегенде бир күн сураган экспресс-адвокаттын өтүнүчүн сот канаттандыруу менен, сот отурумун 13-мартка калтырды.