Жогорку Сотто «Судьянын кол китеби» жана «Сот актыларынын улгулорунун жыйнагы» китептеринин бетачары болду.

добавлен 02 ноября 2012 17:48
просмотров 1338

 

 

 

 

Бетачар аземде Кыргыз Республикасындагы USAIDдин Өкүлчүлүгүнүн деректири Кэрри Гордон «Судьянын кол китебин» жана «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагын» Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымын орун басары Гульбара Калиевага расмий түрдө тапшырды. 

 

Жүзачарга КР Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун жетекчилери менен судьялары, КР Президентинин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппаратынын, Адилет министрлигинин, ЖОЖдордун, БӨУ, ЖМК өкүлдөрү да катышты.

«Судьянын кол китеби» укуктун процессуалдык да, материалдык да ченемдерин бирдей түшүнүүгө, сот практикасынын туруктуулугун бекемдөөгө, сотторго жана судьяларга болгон сый-урматты жакшыртууга өбөлгө түзүү үчүн иштелип чыккан.

«Судьянын кол китебин» Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жана кызматтан кеткен судьяларынан, окутуучулардан, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүнөн турган авторлор жамааты практикалык колдонмо катары иштеп чыккан.

«Судьянын кол китеби» эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү жарандык, административдик жана экономикалык иштерди, ал эми экинчи бөлүгү жазык иштерин кароо эрежелерине, тартибине жана өзгөчөлүктөрүнө арналган.

Китепте чыныгы сот тажрыйбасына негизделген практикалык кеңештер камтылган. Булар сот өндүрүшүндө келип чыгуучу көптөгөн маселелерди туура чечүүгө жардам берет.

«Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» ушундай түрдө жарык көргөн алгачкы практикалык колдонмо болуп саналат. Ал судьялардын сот актыларын даярдап, түзүү ишин жеңилдетет.

Китептин Электрондук турун бул шилтемеден кочуруп алсаныз болот http://sot.kg/info/